Бүгүн, 10-сентябрда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда ырчы, музыкант, куудул
Кубик Калыковдун отчёттук концерти өттү. Кечени Калыковдун шакирти
Нуркат Догдурбеков алып барып, мыкты тамашалары менен элдин маанайын көтөрүп турду. Андан тышкары куудул
Рахман Разыков алдыдагы шайлоо боюнча кызыктуу фактыларын жана ойлорун айтып, көрүүчүлөргө күлкү сунса, ал эми ырчы
Асел Турдалиева, Кубик мырзанын кызы
Айпери жана уулу
Улан өз ырларын аткарып беришти. Кеченин ээси Кубик Калыков өзүнүн хит ырларын ырдап, анекдотторун айтып берди, сатиралуу номерлерин да көрсөттү.
Концерт башталарда
SUPER.KG порталына берген маегинде ырчы бул кечеге жылдын башынан бери даярданганын билдирди.
"Чыгармачылык концерттерде көп ырчылар эски ырларын аткарышат эмеспи. Мен андай кылган жокмун. Бул концертим менин чыныгы жүзүмдү көрсөткөн автордук концерт. 50 жашка толуп жатам, чыгармачылык менен сахнада 25 жыл иштедим. 2-ноябрда туулган күнүм болот. Ошого карата бул концерт телеканалдан көрсөтүлөт",- деди Калыков.
Кечеде көрүүчүлөр тамашалуу номерлерге каткырып, ырларды кошо ырдап, кол чаап отурушту. Концерт бүткөн соң алар кече ойдогудай болгонун айтып, иш-чара аларга жакшы маанай тартуулаганын баса белгилешти.