Кыргыз жергесинин ишкерлери Тажикстанда 14-16-октябрда өтө турган 3-Эл аралык айыл чарба, азык-түлүк жана таңгак өнөр жай көргөзмөсүнө катышат. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда Спорт Ордосунда “АгроПродЭкспо-2015” 11-Эл аралык азык-түлүк жана айыл чарба өндүрүмдөрүнүн көргөзмө-жарманкесинде белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, көргөзмө Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өткөрүлөт. Ага Кыргыз Республикасы, Орусия, Казакстан, Азербайжан, Индия, Грузия, Латвия, Польша, Франция жана башка 20 өлкөдөн 100гө жакын компания катышат. Көргөзмөгө айыл чарба техникалары, азык-түлүк өндүрүмдөрү, азык-түлүк өндүрүмдөрүн жана таңгак иштеп чыгарууга багытталган товарлардын түрлөрү коюлат.