Бүгүнкү күндө биометрикалык маалыматтарын тапшырган шайлоочулардын саны 2 миллион 619 миң адамга жетти. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алина Шаикова 11-сентябрда маалымат жыйынында билдирди.
“Борбордук шайлоо комиссиясы ушул жылдын январь айында шайлоочулардын саны 2,8 миллион болот деген маалыматты берген. Кийин апрелде шайлоочулардын тизмеси 2,6 миллион болорун билдиришти. Ал эми бизде 2 миллион 619 миң жаран биометрикалык каттоодон өттү. Мына ушундай дал келбестиктер болду. Учурда күнүнө 3-6 миң киши биометрикалык маалыматтарын тапшырууда. Биз БШК менен талашып-тартышып, бул маселени саясатташтыргыбыз келбейт. Бул жаңычылдыкты киргизүүдө катачылыктар кеткен, маселен, айрымдарынын даректери туура келбей калып жатты. Бирок баары орду-ордуна келе баштады. Шайлоо күнү кынтыксыз иштеп бергенге аракет кылып жатабыз”,- деп билдирди Шаикова.
Ал эми парламенттик шайлоого карата SUPER.KG`нин “Мурунку шайлоолордогудай “карусель” көрүнүшү болбойбу?” деген суроосуна Алина Шаикова: “Андай болбойт. Дал ошол "каруселдерди" жоюу үчүн, таза шайлоону камсыздаш үчүн биометрикалык маалыматтар чогултулду. Бир адам бир гана шайлоо тилкесине катталган. Башка шайлоо тилкесинде анын маалыматтары чыкпайт. А маалыматы чыкпаган соң добуш бере албайт”,- деп жооп берди.