"Жогорку мектеп системи заман талабына жана эмгек рыногунун талаптарына жооп бериши зарыл",- деп билдирди вице-премьер-министр Валерий Диль 15-сентябрда Бишкекте "Сапаттуу билим берүү аркылуу мамлекетти өнүктүрүү" деген темада өткөн тегерек столдо.
Вице-премьер учурда билим берүү системи реформага муктаж экенин, тармакта тезинен чечүүчү көйгөйлөр көбөйүп кеткенин айтат. "Кеп жогорку окуу жайларда билим берүүнүн сапатын көтөрүү, системдүү коррупцияны жоюу, ЖОЖдорду оптимизациялоо, аларга талаптарды күчөтүү, теориялык билим берүү менен тажрыйбаны айкалыштыруу жөнүндө болуп жатат. Жогорку окуу жайлар иш берүүчүлөр сурап жаткан жогорку квалификациялуу кадрларды даярдап чыгарышы зарыл. Муну эске алуу менен учурда тармакты реформалоо иштери жүрүп жатат",- дейт Диль.
Өкмөт мүчөсү Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кириши өлкөнүн бүтүндөй билим берүү системи үчүн жаңы чакырык экенин кошумчалаганын өкмөттөн билдиришти.