Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматовдун сөөгү Байтикте, кызынын жанына жерге берилди (фото)

Бүгүн, 16-сентябрда Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында өттү. Коштошуу зыйнатына өкмөт башчы Темир Сариев, президенттик аппараттын башчысы Темир Жумакадыров, вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева жана жазуучунун жакын санаалаштары, туугандары катышты. 
Өкмөт башчы Кыргыз драма театрынын алдында өткөрүлгөн митинг-реквиемге катышып жатып маркум жазуучу жөн гана атактуу жазуучу эмес, саясатчы, коомдук жана мамлекеттик ишмер катары да кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал болгонун белгиледи.
“Казат Акматов иштеген жеринде кыргыз элинин, кыргыз тилинин, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоп, азыркы кыргыз өлкөсүнүн түптөлүшүнө зор салым кошкон. Өткөн кылымдын 90-жылдарында тоталитардык бийликтин катуу тартибинен коркпостон, тайманбастан, өмүрүн тобокелге салып, кыргыздын патриот уулдарынын башын бириктирип, Кыргызстан демократия кыймылын (КДК) уюштурган. Ошол убакта кыргыздын намыскөй атуулдары лидер катары Казат Акматовдун айланасына чогулушкан”,- деди Темир Сариев.
Сөзүнүн аягында Казат Акматовдун чыгармалары кыргыз элинин гана эмес, чет элдик окурмандардын да  жогорку баасына татыганын белгиледи.
Андан кийинки сөз маркумдун жакын санаалаштарынын бири Топчубек Тургуналиевге берилип, ал Казат Акматовдун эч нерседен тайманбаган мүнөзгө ээ болгонун жана демократиялуу кыргыз өлкөсүн куруу керек деп биринчилерден болуп чыкканын айтты. 
"1990-жылдын 26-майында мына ушул биз турган театрда сөз сүйлөп, соттон, абактан, куугунтуктан коркпостон "Кыргыз Республикасы өз алдынча мамлекет болушу керек" деп чыккан. Ал учурда Компартия, социализм бар болчу, бирок ал андан корккон жок. Парламентте болобу, кайда болбосун, курч маселени биринчилерден болуп көтөрүп чыкчу. Казат чыгармачыл адам катары гана эмес, саясатчы катары да эмгек жасады",- деди Тургуналиев. 
Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун чыгып, жазуучу көзү тирүү турганда "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын албай кеткенин кошумчалады. "2 ай мурун эле Казат агага "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын берүү демилгеси көтөрүлүп жаткан. Ал тирүү кезинде бир канча наамдан баш тартып койгон эле, бирок өмүрүнүн акырында ушул наамды алып койсо жакшы болмок. Каза болуп калса да ушул наамды берип коюшубуз керек. Ал кишиге ушул наамды берүү демилгесин колдоп коюшун президенттен да өтүнөбүз",- деди Акун.
Узатуу зыйнаты жыйынтыкталып, андан соң жазуучунун сөөгү Бишкектин четиндеги Байтик айылындагы көрүстөнгө, 2012-жылы жол кырсыгынан 17 жаш курагында каза болуп калган кызынын жанына жерге берилди. 
Айта кетсек, Казат Акматов оорудан улам 74 жаш курагында 14-сентябрь күнү таңга жуук көз жумган. Ал 1941-жылы 23-декабрда Ысык-Көл облусунун Боз-Тери айылында төрөлгөн. Анын калемине таандык “Мезгил”, “Күндү айланган жылдар”, “Архат” романдары, “Ажырашуу түнү” пьесасы калың элге белгилүү. Ал өзүн прозаик, сценарист, драматург катары гана көрсөтпөстөн, акыркы жылдары тамсилчи катары да өзүн сынаган жайы бар. 
Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов кызынын жанына коюлду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aman.n
2015-09-16 12:22:59
жаткан жери жайлуу болсун
+1
Gulya.akbaralieva
2015-09-16 14:46:00
Кызы мынча жаш каза болгон???? Супер инфо кызы эмне себептен каза болгон маалымат бере аласыздарбы????
0
Arslana
2015-09-16 14:56:17
Gulya.akbaralieva,
17 жашында машина сузуп деп жатышкан.
0
amanatym
2015-09-16 16:29:21
жаткан жери жайлуу болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан