Бишкектин окуучулары “Пушкиндин жайы” VI Эл аралык балдардын чыгармачылык фестивалында байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чара 10-15-сентябрь күндөрү Капшагай шаарында (Казакстан) өтүп, ага Орто Азиянын 5 өлкөсүнөн келген окуучулар катышты. Биздин балдар бардык номинациялар боюнча байгелүү орундарга ээ болуп, атайын диплом жана сертификаттар менен сыйланышты.
Белгилеп кетсек, аталган фестиваль маданият жаатында эл аралык жана улуттар аралык байланышты өркүндөтүү максатында өткөрүлүп келет.