Алайда жоголгон жоокерди издөө иштери бүгүн өкмөттө талкууланды

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Алайда жоголгон жоокерге байланыштуу күч түзүмдөрүнүн башчылары менен жыйын өткөрдү. Өкмөттүк аппараттан билдиришкендей, жыйында Мамлекеттик чек ара кызматынын, Коргоо министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Аскердик прокуратуранын маалыматтары угулду.  
Маалыматка таянсак, издөө иштерине мамлекетибиздин күч түзүмдөрү менен кошо Тажикстандын тийиштүү органдарынын өкүлдөрү катышууда. Азыркы учурда чек арачыны издөө иштери бир нече багыт боюнча жүрүп жатат. Кечээ башка түзүмдөрдөн кошумча күч тартылганы, бардык чек ара отряддарынын өздүк курамы менен тийиштүү иштер өткөрүлгөнү айтылат маалыматта. 
Эскерте кетсек, жоокер 23-августтан бери изделип жатат, бирок натыйжа боло элек. Мамлекеттик чек ара кызматы жоокердин өз алдынча аңчылыкка чыгып кетип жоголгонун айтууда. "Жоокер кызмат өтөп жаткан жеринен автоматчан качып кеткен" деген да версия бар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан