Түштүк Кореянын кыргыз жериндеги элчисине өлкөнүн ички иштерине аралашпоо үчүн эскертүү берилди

17-сентябрда Түштүк Кореянын кыргыз жериндеги элчиси Жонг Бенг Ху Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Мекемеден билдиришкендей, министрликтин өкүлдөрү элчи менен жолугушуп, ал парламенттик шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын бирин колдоо максатында коомчулукка чакыруу таштаганы үчүн эскертүү берилди. Ошондой эле элчиге Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары жана шайлоо процесси жөнүндө түшүндүрмө берилип, эл аралык укуктук ченемдерди сактоо зарылчылыгы айтылды. Андан сырткары ага дипломатиялык өкүлчүлүктүн өкүлү мамлекеттин ички иштерине аралашпай турганы боюнча эскертилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан