Бүгүн, 23-сентябрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде диний саясат жаатындагы маселелер талкууланууда. Иш-чарага маданият министринин орун басары Альбина Дүйшөнбиева, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары Закир Чотаев жана аталган мамлекеттик комиссиянын аналитика бөлүмүнүн башкы адиси Замир Турсунбеков катышып жатат.
Тегерек столдун жүрүшүндө кыргыз жергесиндеги басылмаларга диний маселелердин чагылдырылышы, интернеттеги социалдык тармактардагы диний кырдаал, медреселердеги билим берүү сыяктуу маселелер каралып жатат.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары Закир Чотаев дин тармагын чагылдырган журналисттер аз экенин айтып өттү. Ал ММКларга чыгарылган видеолордон жаш балдар таасирленип жатканын кошумчалап, “Ислам мамлекети” радикалдык тобунун билдирүүлөрүнөн кийин расмий маалымат боюнча 500дөн ашуун кыргыз жарандары Сирияга кетишкенин билдирди.
Кыргыз жериндеги Мусулмандар дин башкармалыгы менен Билим берүү жана илим министрлиги биргеликте медреседеги билим берүүнү бир жолго салуу, атайын макам берүү сүйлөшүлүп жатканын айтты. “Социалдык тармактарга салыштыруу иретинде жарыяланган сүрөттөрдү текшерип турабыз. Азырынча мыйзам бузуу каттала элек. "Эгер бул динге өтсөң жакшы жашайсың, башка дин менен жашасаң кыйналып жүрүп өтөсүң" деген сыяктуу сүрөттөрдө мыйзам бузулуп жатабы же жокпу, аны текшерип көрөбүз. ИИМ менен иштешебиз. Маалыматты анализдеп чыгабыз. Мыйзам чегинен чыгып кеткен күндө кайсы бир интернет булакты жаап коюшубуз мүмкүн, калган учурда динге бөгөт коюу катары саналып калат”,- деди З.Чотаев.
Мындан сырткары КРнын Конституциясындагы дин жөнүндө кабыл алынган мыйзамдарга токтолду. Ага ылайык, Кыргыз Республикасы - эгемендүү, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет. Кыргыз жергесинде эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес. Диний, этностук негизде саясий партияларды түзүүгө, диний бирикмелердин саясий максаттарды көздөшүнө, шайлоо алдында үгүт иштерине тыюу салынат. Мыйзам боюнча, жарандар диний же башка ынанымдарды эркин тандап ала алышат.