24-сентябрь - Курман айт майрамына карата бир катар мамлекет башчылары президент Алмазбек Атамбаевге куттуктоо жиберишти. Президенттик аппараттын билдиришинче, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын куттуктоосунда: "Жеке өзүмдүн жана Түркия элинин атынан сизди ыйык Курман айт майрамы менен куттуктайм! Сизге ден соолук жана бакыт, боордош кыргыз элине тынчтык, гүлдөп өнүгүү каалайм",- деп айтылат.
Өзбекстандын президенти Ислам Каримов куттуктоосунда буларды айтты: "Ыйык Курман айт майрамына байланыштуу чын дилден айтылган куттуктоомду жана каалоолорумду кабыл алыңыз. Бул куттуу күндө сизге бекем ден соолук, достук маанайдагы кыргыз элине тынчтык, өнүгүү жана жыргалчылык каалайм".
Майрамдык куттуктоолорун Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Ирандын президенти Хасан Рухани жана башкалар жиберишти.