Экономика министрлигинде Мамлекеттик тил жумалыгы жарыяланды

Экономика министрлигинде Мамлекеттик тил жумалыгы жарыяланды. Бул тууралуу 23-сентябрда аталган министрликтен билдиришти. 
"Кыргыз тили – элибиздин мамлекеттүүлүгүн, улуулугун жана түбөлүктүүлүгүн сактап калуучу жалгыз курал. Тилди сыйлоо, үйрөнүүгө аракеттенүү - өлкөнүн жарандарынын маданий деңгээлинин жана патриоттуулугунун көрсөткүчү. Мамлекетибиз көз карандысыздык алгандан бери улуттук тилибизди өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн чаралар көрүлүп жатат. Экономика министрлигинде да мамлекеттик кызматкерлердин мамлекеттик тилди өздөштүрүү, иште колдонуу деңгээлин жогорулатуу максатында Мамлекеттик тил жумалыгы жарыяланды",- деп айтылат маалыматта.
30-сентябрга чейин министрликте кыргыз тилин колдонууну жайылтуу боюнча иш-чаралар өтмөкчү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан