28-сентябрда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым аймактарда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет. Бийик тоолуу аймактардын унаа жолдору тайгак болот. Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
29-30-сентябрда Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Чүй облусунун тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында кээ бир райондордо -1…-3 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк жыйнала элек мөмө жана жашылча жемиштер үчүн коркунучтуу.
29-сентябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, 29-сентябрда күндүз жана 30-сентябрда жаан-чачын жаабайт. Абанын күндүзгү температурасы бир аз жогорулайт.