Мектеп окуучуларын токмоктоо, өлтүрүү фактылары боюнча өкмөттө атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Нарын облусундагы Жумгал районунун Көк-Ой айылына иш сапары менен барып, С.Турусбеков атындагы орто мектептин мугалимдери менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чарада 9-классынын окуучусунун өлүмүнө байланыштуу окуя талкууланды.
"Бул окуяны мен өз көзөмөлүмө алам. Тилекке каршы, бул кырсык өлкөдө биринчи жолу болуп жаткан жок. Өкмөттө окуучуларды өлтүрүү фактылары боюнча жыйынтык чыгаруучу комиссия түзүлдү. Мындай окуялардын болушуна мугалимдердин да, ата-энелердин да күнөөсү бар, анткени ата-энелер тарабынан тарбия берүү начар болуп жатат. Биз учурдагы кырдаалды жакшыртууга бардык чараларды колдонобуз", -деди вице-премьер-министр.
Эскерте кетсек, 19-сентябрда Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылындагы Турусбек уулу Султан атындагы орто мектебинде 11-класстын окуучулары 9-класстын окуучуларын ур-токмокко алышып, жыйынтыгында Жекшенбек уулу Эркинбек аттуу жашы жете элек өспүрүм каза тапкан.