Шайлоо-2015: "Бир бол" партиясы Ноокенге 100 миллион долларлык инвестиция тартып, айыл чарбаны өнүктүрөт

26-сентябрда Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынын "Нефтичи" стадионунда "Бир бол" партиясынын лидерлери шайлоочулар менен жолугушту. Партиянын маалымат кызматына таянсак, Кочкор-Атанын тургундары аларды жылуу тосуп алышып, эл алдына Алтынбек Сулайманов, Кубанычбек Жумалиев, Нурбек Мурашев, Мавлян Амракулов, Абдикамал Суяров, Нуралы Камбаров, Нурболот Мирзахмедов, Замир Рахманкулов, Абдыназар Шерматов, Нурмухамбет Мамбеталиевдер чыгып сөз сүйлөштү.

Алтынбек Сулайманов айрым партиялардын мактанганынан, убада бергенинен эл тажаганын, "Бир бол" партиясы элдин өзүн өзү багып кетишине шарттарды түзүп берерин айтты.

"Биздин партияда күчтүү, тажрыйбалуу инсандар бириккен, айткан нерселерибизди жасайбыз, популизм менен алек болбойбуз, буга чейин жасаган иштерибизге мактанбайбыз. Албетте, парламентке келебиз, сиздер менен жеңишке жетебиз",- деди Сулайманов.

Кубанычбек Жумалиев Кыргызстандын калкынын 65 пайызы айыл чарба продукциясын өндүрүү менен оокат кылып келерин айтып, "Бир бол" партиясынын экономикалык программасынын бирден-бир приоритеттүү багыты айыл чарбасын өнүктүрүү экенин билдирди. "Регионго жалпы 100 миллион долларга тең суммадагы чет элдик инвестиция тартып келип, ал айыл чарбасына, тагыраак айтканда, айыл чарба илиминин эң акыркы жетишкендиктерин колдонуу менен өндүрүлгөн үрөндөрдү, өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуучу технологияларды алып келебиз",- деди Жумалиев.

"Бир бол" партиясынын экономикалык платформасынын экинчи чоң багыты өндүрүш экенин, бул боюнча партия тоо-кен өндүрүшүнө жаңы технологияларды, инвестицияларды тартып келүүдө аракети күч болорун кошумчалап, партиянын экономикалык программасында ар бир аймакка көңүл буруларын айтты.

"Бир бол” партиясында жаш, курч, тажрыйбалуу, мамлекетти алдыга сүйрөй турган инсандар бириккен”,- деди Ноокен районунан чыккан талапкер Нурбек Мурашев. Ал партия жеңишке жетишип парламентке келсе, жаңы өкмөттү кураса, райондо жасалган инфраструктуралык, социалдык долбоорлор эки эсе көп көлөмдө жүргүзүлөрүн айтты.

Сөзүнүн соңунда Ноокен аймагынын тургундарын "Бир бол" партиясын колдоого чакырды. Жолугушуу кыргыздын салтына ылайык аксакалдардын бата берүүсү менен аяктаганы айтылат маалыматта.

Материал "Бир бол" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан