Убактылуу кармоочу жайларда жана СИЗОлордо отурган жарандар паспортторунун көчүрмөлөрү менен парламенттик шайлоодо добуш беришет. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында белгилүү болду.
Маалым болгондой, бул категориядагы жарандардын паспорттору мыйзам боюнча тергөөчүлөрдө сакталат. Мындан улам биометрикалык маалыматтарын тапшырган кылмышка шектүүлөр жарандык укуктарын аткара алышат. Аймактык комиссиянын мүчөлөрү айыпталуучулар кармалып отурган жайларга барып добуштарын кабыл алышат.