Бүгүн, 1-октябрда Эл аралык карылар күнүнө арналган көргөзмө-жарманкенин ачылышында премьер-министр Темир Сариев: “Ата-энелердин балдарга болгон милдети кандай болсо, баланын ата-энесине болгон камкордугу да мыйзамдуу бекитилиши зарыл”,- деп билдирди.
“Ар бир ата-эне өзүнүн балдары менен бактылуу карылыкты көрүүгө аракет жасайт, бирок жашоодо кары адамдар балдары болсо да, жалгыз калган учурлар жок эмес. Бул нерсе, албетте, бизди капалантат.
Карыларга жардам көрсөтүп жаткан ар кандай уюмдар ачылып, көбөйүүдө. Мындай нерсе биздин салтта жок болчу.
Мен өзүм көп балалуу үй-бүлөдө төрөлгөм, баарыбыз ата-энебизге, жакындарыбызга жардам берип карап келебиз. Ар бирибиз өзүбүз үлгү болууга аракет кылышыбыз керек. Өлкөбүзгө карылар интернаттары кереги жок болуп, такыр жабылса дейм.
Улгайган адамдардын балдары жасай турган жумушту аткарып жаткан Социалдык өнүгүү министрлигине жана карыларга камкордук көрсөтүп келген уюмдарга ыраазычылык билдиргим келет”,- деди премьер.