Бүгүн, 4-октябрда саат 08:00дө (Бишкек убактысы боюнча 06:00) Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинде (Куала-Лумпур шаары) Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо башталды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, элчиликте шайлоо участкасы ачылгандан тарта 12 адам добуш берди.
Айта кетсек, Малайзияда жалпысынан 62 кыргыз жараны шайлоодо добуш бере алат.