"Шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүрүшүндө добуш сатып алуу боюнча 70 факт катталып, 6 кылмыш иши козголду" дейт Нурбай Касымбаев

Ички иштер министринин биринчи орун басары Нурбай Касымбаев 4-октябрда Өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында өлкө боюнча коомдук-саясий абал туруктуу экенин айтты.
"Бардык шайлоо участкаларында ИИМдин жеке курамындагы милиция кызматкерлери коомдук тартипти, калктын жана жабдуулардын коопсуздугун көзөмөлдөп жатышат. Андан тышкары аймактарда эл ичинен чыккан ыктыярчылар да күзөттө турушат. Азыркы тапта коомдук-саясий абал туруктуу. Баш аламандык уюштуруу аракеттери байкалса токтотулат",- деди Касымбаев. Анын айтымында, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүрүшүндө добуш сатып алуу боюнча 70 факт катталып, анын 6сы боюнча кылмыш иши козголгон.
"Бизде шайлоо күнү жыйынтыктарды бурмалоо аракеттери боюнча маалымат бар. Бир-эки жерде добуш сатып алуу фактысы болгону тууралуу маалымат келип жатат. Аймактардагы шайлоо комиссияларына жөнөтүү үчүн материал иштеп чыгуудабыз",- дейт Н.Касымбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан