Биз социалдык тармакта

Малайзиялык студия Кыргызстандын улуттук ашканасы тууралуу документалдуу фильм тартат

Малайзиянын ТV3 телеканалынын "Primeworks" студиясы Кыргызстандын улуттук ашканасы тууралуу документалдуу фильм тартат. Тасманы тартуу үчүн Кыргызстанга Малайзиядан атайын тандалган 3 башкы ашпозчу келет жана өлкөнү кыдырып жергиликтүү ашкананын, маданияттын уникалдуулугу тууралуу айтып беришет. Кыргызстандын улуттук тамак-ашы тартылчу тасма 6 эпизоддон туруп, тартуу иштери 21 күнгө созулат. Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган иш-чарага жергиликтүү ашпозчуларды тартуу жагы да пландалууда.
      Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүгүн пропагандалоого бул иш-чара сонун шарт түзүп берерин белгиледи. Тартылган тасма малайзиялык ТV3 телеканалынан 2015-жылдын декабрында көрсөтүлмөкчү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан