Бүгүн, 7-октябрда Орусиянын Красноярск шаарынан Бишкекке кетчү "Эйр Кыргызстан" компаниясына таандык болгон учак учуу убактысы келгенде белгисиз себептерден артка жылдырылып, түнкү саат 03:00дөн бери 150дөй кыргыз жараны аэропортко жакын турган мейманканаларда отурган. Бул тууралуу
SUPER.KG'ге окурмандар бүгүн эртең менен
WhatsApp аркылуу кайрылышып, каттам качан болорун билип берүүнү суранышкан. Красноярск-Бишкек каттамынын артка жылуусуна эмне түрткү болгонун аталган компаниянын коммерциялык директору
Арсен Табылдиев SUPER.KG'ге айтып берди. Анын айтымында, учакка күйүүчү майдын куюлбай калганы себеп болгон.
"Өзүңүздөр билесиздер, жакында "Трансаэро" авиакомпаниясы кудуретсиз (банкрот) болуп калды. Ошого байланыштуу бизге алдын ала күйүүчү май куюп берип турган компания чочуркап, күйүүчү май куюудан баш тарткан. Буга чейин ай сайын күйүүчү май куюп коюшуп, айдын аягында акчасын алып турушкан. Ошондон улам биз ага деген каражатты "Росинбанк" аркылуу салып жиберген элек, бирок ал банктын Орусияда лицензиясын алып коюшкандыктан, акча берилбептир. Биз андай болорун билген эмеспиз. Бул банк системинин катачылыгынан улам болуп жатат. Биз банктын дарегине доо арыз жазып жибердик.
Биздин учак жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00 чамасында учуп чыкмакчы болду. Ал эми жүргүнчүлөрдү аэропортко жакын жердеги мейманканаларга жайгаштырып, ысык тамак менен камсыз кылып жатабыз",- деди Табылдиев.