Учурда Красноярск шаарынан Бишкекке кетчү учак каттамы артка жылдырылып, 150дөй кыргыз жараны аэропортто турат. Бул тууралуу 7-октябрда
Наврусбек Чермашов аттуу окурман
SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу байланышка чыгып билдирди. Анын билдиришинче, учак "Эйр Кыргызстан" компаниясына таандык. "7-октябрда түнкү саат 03:10до Красноярск шаарынан Бишкекке учуп кетмекпиз, бирок каттам белгисиз себептерден улам артка жылдырылып, учурда 150дөй Кыргыз Республикасынын жараны уча албай, аэропортко жакын турган мейманканаларда жатабыз. Компания өкүлдөрү бүгүн саат төрттө уча турганын билдиришүүдө. Арабызда оорукчан адамдар, жаш балдар бар",- деди ал. Ошондой эле айрымдары Бишкек-Ош каттамы аркылуу Ош шаарына учуп кетишмек экен. "20дай жаран эртең менен Бишкекке конуп, андан ары Ош шаарына учуп кетмек. Билеттерибиз да күйүп кетти",- деп кошумчалады Чермашов.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.