Түркияда кыргыз акыны Алыкул Осмоновду эскерүү иш-чарасы өттү

Түркиянын Амасья шаарында 12-октябрда кыргыз акыны Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына арналган иш-чара өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов катышты.
Элчиликтин билдиришинче, Жунусов кыргыз акынын Түркияда эскерүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп: "Өмүрү кыска болгонуна карабай акын ырларынын көбүн өз мекенине, элине, табиятка арнаган. Анын чыгармалары менен улуу муун менен катар жаштар дагы тааныш. Алыкул Осмонов - кыргыз элинин сыймыгы",- деп билдирди. Элчи акындын ырларынан кыргыз жана түрк тилдеринде окуп бергени айтылат маалыматта.
Акындын чыгармачылыгын эскерүүгө кыргыз жана түрк тараптан бир топ мамлекеттик кызматкерлер, студенттер, кыргыз диаспора өкүлдөрү катышты.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан