Бүгүн, 14-октябрда Бишкекте Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышына шайланган партиялардын шайлоо алдында берген убадаларынын иш жүзүнө ашуусу жана алар өкмөттүн кайсы тармагын көзөмөлдөшү керектиги тууралуу жыйын өттү. Аны менен бирге депутаттардын кесипкөйлүгү, доллар курсунун өсүүсү жана мигранттар маселеси каралды.
Айрымдары партиялар берген убадаларын кайсы каражаттын негизинде ишке ашыра турганы боюнча маселеге токтолушту. Экономист Асылбек Аюпов: “Партиялар шайлоо алдында берген убадаларын мындан беш жыл мурун берген. Ошол эле убадаларды кайра беришти, андан эч кандай айырмасы жок. Ал убадаларды аткарууда каржы маселесинин кантип чечилерин билишпейт”,- деген оюн айтты.