Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Алмазбек Кадыркуловго катуу сөгүш берилди
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Алмазбек Кадыркулов катуу сөгүш алды. Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, премьер-министр Темир Сариев Кадыркуловго сөгүш берүү боюнча чечимди 2015-жылга карата республикалык бюджетти аткаруунун жүрүшү талкууланган жыйындан кийин кабыл алды. Буга анын протоколдук тапшырманы өз убагында аткарбаганы себеп болгон.