Тийиштүү органдар "Кыргыз темир жолу" ишканасынын мүлкүн колдонуу жолдорун талкуулашты

Экономика министрлигинин, Транспорт жана коммуникация министрлигинин, КРнын Президентинин Иш башкармалыгынын жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өкүлдөрү "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын ишин талкуулашты. 
Анда аталган ишкананын балансындагы мүлктөрдү пайдалануунун эффективдүүлүгү тууралуу пикир алышуу болуп, жыйынтыгында мүлктөрдү колдонуунун абалын иликтөө үчүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна мекемелер аралык комиссия түзүү тапшырмасы берилди. 
Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев тийиштүү министрлик жана мекемелердин өкүлдөрү менен мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн бааларын талкуулаганын 14-октябрда аталган министрликтен кабарлашты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан