Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.
“Кыргыз мамлекетиндеги парламенттик шайлоонун тынч өтүшү менен кыргыз эли дагы бир ирет өзүнүн даанышмандыгын көрсөтө алды. Жогорку Кеңештин жаңы курамы элдин ишеничин актап, кыргыз өлкөсүнүн экономикалык жактан күчтөнүшүнө татыктуу салым кошо алат деп ишенем”,- деди Назарбаев.
Эскерте кетсек, бүгүн Казакстандын Бурабай кыштагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчылар кеңешинин жана Евразиялык жогорку экономикалык кеңешинин кезектеги жыйындары өтүп жатат.