"Республика - Ата Журттун" тизмеден чыгарылган талапкерлеринин арызы сотто каралууда

Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн, 18-октябрда "Республика - Ата Журт" партиясынын бир катар талапкерлеринин тизмеден чыгарылышы боюнча маселени кароодо. Сот имаратын 20дай милиция кызматкери курчоого алып, соттук отурумга көпчүлүк кире албай жатат. Атайын тизмеге кошулгандар гана кирүүдө.
Эскерте кетсек, жакында аталган партиянын 15тей талапкери тизмеден мыйзамсыз чыгарылганын айтып, БШКнын алдына митингге чыгышкан. Алар тизмеден өздөрүнүн макулдугусуз жана негизсиз чыгарылганын айтып жатышат. Ал эми партия лидерлери талапкерлер жетиштүү добуш ала албай калышканы үчүн тизмеден чыгарылганын билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан