Коркмазов Нарымбаевге Түлеевдин кызынан алган акчаны кантип алып барып бергенин айтты

Сот залында Хажимурат Коркмазов көрсөтмө берип, Нариман Түлеевдин кызынан алган 50 миң доллар акчаны Данияр Нарымбаевге кантип алып барып бергенин айтты. Коркмазов акчаны Түлеевдин кызы Нарымбаевдин өтүнүчү менен алып келгенин айтканын билдирди. "Мен Түлеевдин кызынан баштыкка салынган акчаны алып колтугума кыстарып, ошол бойдон ачпай Нарымбаевге алып барып бердим, ал акчаны алып шкафка салып койду. Андан кийин мен чыгып кеткем. Ал эми кийин дагы 100 миң долларды алып Нарымбаевге бермекмин, бирок кармалып калдым",- деди Коркмазов. 
Нарымбаев менен Коркмазовдун соту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан