V Эл аралык “Арт-Ордо” театралдык фестивалы “Картаң айымдын келиши” аттуу спектакль менен башталды (фото)

V Эл аралык “Арт-Ордо” театралдык фестивалынын алгачкы спектакли Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын “Картаң айымдын келиши” болду. Бүгүн сынакка катышып жаткан 15 спектаклдин экөөсү калыстар тобунун сынынан өтөт. Алардын экинчиси - Эксперименталдык “Сахна” театрынын “Кыз Сайкал” аттуу спектакли бүгүн саат 20:30да көрсөтүлөт.

Айта кетсек, бүгүн, 19-октябрда Бишкекте Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында V Эл аралык “Арт-Ордо” театралдык фестивалы старт алды. Ага вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева, маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов жана башка коомдук жана маданий ишмерлер катышты. Салтанаттуу иш-чара майрамдык концерт менен башталып, аталган театрдын ичинде кичи спектакль менен уланды.

Айта кетсек, Эл аралык “Арт-Ордо” театралдык фестивалы өлкөдө 2003-жылдан бери бешинчи ирет өткөрүлүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан