Бүгүн, 20-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы жыйын өткөрөт. Мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкендей, анда парламентке өткөн партиялардын тизмесинен чыгарылган айрым талапкерлердин арыздары каралат.
Айта кетсек, "Республика-Ата Журт" партиясы 15-октябрда 70 талапкерин "бир мандатка жетиштүү добуш ала албады" деп тизмеден чыгарган. Бирок алардын 15и тизмеден чыгуу тууралуу арызга өздөрү кол койбогонун билдиришип, анын 8и Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна 18-октябрь күнү арыз менен кайрылышкан. Сот алардын арызын канааттандырган эмес.