Бүгүн, 20-октябрда БШК "Бүтүн Кыргызстан-Эмгек" партиясынын кайрылуусун карап жатат. Партия өкүлдөрү 45 шайлоо участкасынан добуштарды электрондук жана кол менен саноодо айырмачылык бар экенин айтып Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылышкан.
БШК мүчөсү Рашид Бекбасаров: "Ал жерде байкоочулар болгон. Эгерде байкоочулар тактабаса, мен бул сунуштарды артка кайтарууну суранам",- деди.