Авиация, транспорт жана байланыш тармагында убакыттын так сигналын алууга орусиялык адистер жардамдашат

Убакыттын так сигналын берүүдө кыргыз тарапка орусиялык адистер жардамдашат. Тийиштүү макулдашуу вице-премьер-министр Валерий Диль менен Орусиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Андрей Крутьконун жолугушуусунда түзүлгөнүн 28-октябрда өкмөттөн билдиришти. 

"Бүгүн илимий технологиялар жана телекоммуникациялар ыкчамдык менен өнүгүп жаткан учур. Муну эске алганда, жарандык авиацияда, транспорт, байланыш жана массалык телекоммуникация тармагында кеңири колдонулуучу убакыттын так сигналын алууга муктажбыз. Орусиялык тарап убакыттын так сигналын алууга жана бирдиктүү убакыт системин улам көзөмөлдөп турууга көмөктөшкөнү жатат. Эки өлкөнүн адистери техникалык маселелерди чечүүнүн үстүндө иштешмекчи",- деди Диль. 

Коргоо министрлигинин, Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун жетекчилигине бул маселеде орусиялык адистерден консультация алуу тапшырмасы берилгени айтылды. 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан