“Эгер тарапташтарым шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу нааразычылык акцияларына чыгышса, каршы болбойм”. Мындай пикирди бүгүн, 28-октябрда маалымат жыйында "Бүтүн Кыргызстан - Эмгек" партиясынын тең төрагасы Адахан Мадумаров билдирди. Анын айтымында, жөнөкөй жарандардын укуктары тебеленип жатса, алар өздөрүн ушундай ыкма менен коргоого муктаж.
“Мен эч качан мыйзамсыз иштердин тарапташы болчу эмесмин. Бирок мыйзам талаасында жарандардын жана өзүңдүн партияңдын укуктарын коргоо күндөн-күнгө кыйындап жатса, айласыз көз караштарыңды өзгөртүүгө мажбур болот экенсиң. Тарапташтарым буга чейин “сен акыркы романтиксиң, сен азыркыга чейин бул жашоодо адилеттүүлүк бар деп эсептейсиң” дешчү. Мен эми мурункудай каталарды кетирбейм. Буга чейин тарапташтарымдын катуу чабуулдарын токтотуп турчумун, эми алар укуктарын кандай жол менен коргошот, бул алардын эрки”,- деди Мадумаров.