Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-октябрда "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Жарлыкка ылайык, VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин иши башталгандыгына, мурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары токтотулгандыгына жана тиешелүү түрдө 2014-жылдын 31-мартындагы коалициялык макулдашуунун негизинде түзүлгөн “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн” коалициясынын парламенттик көпчүлүк статусун жоготкондугуна байланыштуу “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отставкага кетти деп эсептелсин.
2. Премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министрлер жана ушул жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык милдеттерин аткарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышсын.
3. Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.