Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Сотто Чүй облусунун Жайыл, Москва, Аламүдүн, Кемин райондук сотторунун жаңы шайланган судьялары Жогорку Соттун судьяларынын катышуусунда ант беришти. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Жайыл райондук сотуна дайындалган судьялар:
Асанова Чолпон Карыпбековна;
Бөкөмбаев Аман Мамыркожоевич;
Жандралиева Надира Жекшеновна;
Турсунбеков Таалайбек Турсунбекович.
Москва райондук сотуна дайындалган судьялар:
Алымбекова Бактыгүл Турсуновна;
Маматкеримов Урмат Таалайбекович;
Марлес Феликс;
Сагынбекова Дамира Эсенбековна.
Кемин райондук сотуна дайындалган судьялар:
Агышаева Наргиза Токтоболотовна;
Жунушалиева Индира Акимжановна;
Эшалиев Нурманбет Касымбекович.
Аламүдүн райондук сотуна дайындалган судья:
Аттокуров Жолдошбек Абдрахманович.
Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева жаңы шайланган кесиптештерин чын жүрөктөн куттуктап, мыйзамдын чегинде гана иш алып барууларын өтүндү: "Өлкөбүзгө мыйзамдын үстөмдүгүн орнотууда ар бириңиздердин салымыңыздар зарыл. Сиздердин кесипкөйлүк менен аткарган ишиңиздерден жалпы коомдун адилеттүүлүккө, сот тутумуна болгон ишеними артылат".
Жаңы шайланган Чүй облусунун Жайыл, Москва, Аламүдүн, Кемин райондук сотторунун судьялары биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалышты.