Маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу Алтынбек Максүтов 28-октябрда М.Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатынын директору И.Аманбаевге кичи автобустун ачкычын тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Кичи автобус президенттин атынан бөлүнгөн каражатка жана аталган мектеп-интернаттын бүтүрүүчүлөрүнүн акчасына алынган.
Тапшыруу аземинен соң А.Максүтов мектеп-интернатта окуучулар кандай шартта окуп жатышканын көрүп, жатаканалардын абалы менен таанышып чыкты. И.Аманбаев окуу корпусундагы жылытуу системи жараксыз абалда экенин айтты.