Бүгүн, 24-ноябрда Түркиянын Эскишехир провинциясында өлкөнүн Аскердик-аба күчтөрүнө таандык тик учак кыйрады. Бул тууралуу Түркиянын Коргоо министрлигине шилтеме берүү менен РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, кырсык болгон аймакта издөө-куткаруу иштери башталды.
Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр, медицина кызматкерлери жана полиция кызматкерлери жөнөтүлгөн.
Азырынча кырсыктын келип чыгуу себептери, каза болгондор жана жабыркагандар тууралуу так маалымат бериле элек.