Бишкекте 9 айдын ичинде жашы жете элек 11 бала жумушка тартылган

Бишкекте 9 айдын ичинде жашы жете элек 11 бала жумушка тартылганы белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле мэрия 9 айдын ичинде социалдык кызматкерлер жумушу жок үйдө отурган 11 899 айым менен иш алып барганын билдирди. Ошол эле аралыкта 133 бала ата-энеси чет өлкөгө иштөөгө кеткендиктен, тиешелүү документи жок, туугандарынын колунда жашап келишкени аныкталып, анын 47си камкордукка алынды. Ал эми 224 наристе реабилитациялык борборлорго жиберилип, 112 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болуп чыкты.

Белгилей кетсек, учурда Бишкектин райондук администрацияларында балдарга карата көрсөтүлгөн
зордук-зомбулуктардын алдын алуу боюнча штабдар түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sandrana
2015-10-29 15:28:27
Мактанган АШАбыздын созу бул темаларга эмне деп жооп береер экен эми?Кыргызстан онугуп осуунун жолунда кудай буюрса жакшы болот деп жаткан элего,чын чынына келгенде онуп осуунун эмейле адамдардын жашоосун карап турсан жакыр жашагандар кобойуудо барган сайын!
-1
bah_tee
2015-10-29 16:36:47
Көзүңөргө 11 эле көрүндүбү калгандарын силер көрбөйсүңөр
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан