Муниципалдык менчикке кайтарылып берилген бала бакчада 120 наристе тарбиялана баштайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан бүгүн, 29-октябрда билдиришти.
Маалым болгондой, Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов муниципалдык менчикке кайтарылып берилген бала бакчанын абалы менен таанышты. Аталган имаратта буга чейин Социалдык өнүгүү министрлигинин Биринчи Май району боюнча башкармалыгы болгон. Эми бул бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жакында ишке берилет. Анда наристелерди тарбиялоо кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт.