Бүгүн, 29-октябрда Талас облусунун алдына митингге чыккан дыйкандар базарда отурган соодагерлерди да митингге чыгууга чакырып, аларды жетелеп кетип жатышат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу маалымдады.
Айта кетсек, бүгүн түшкө маал 500дөй дыйкан облустук администрациянын алдына төө буурчактын баасын 60-70 сомго чейин жогорулатуу керек деген талап менен кайрадан митинг өткөрүштү.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.