Талас облусунун Таш-Арык айылында манасчылар арасында сынак болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, сынак кечээ, 28-октябрда Улуттук “Манас-Ордо” комплексинде окуучулар арасында өткөрүлдү. Сынактын жыйынтыгы менен 1-орунду Талас шаарынын Э.Айылчиев атындагы №7-орто мектебинин 8-классынын окуучусу Бегайым Мелис кызы алды. Ал эми 2-орун Облустук комплекс-лицейдин 10-классынын окуучусу Бахтияр Замир уулуна берилди.
Иш-чара Талас облустук администрациясынын демилгеси менен уюштурулуп, анын башкы максаты өсүп келе жаткан муунду мекенин сүйүүгө жана “Манас” эпосун жайылтууга багытталган.