Октябрдын акыркы күндөрү... Бүгүн, 29-октябрь. Шаар турмушу өз нугунда уланууда. Кечке маал шаарда кыймыл күчөй түшөт эмеспи. Балдарын бала бакчалардан алып, жумуштан үйүнө шашкандар, жол тыгындары, окуудан кийин жөн эле сейилдеп жүргөн студенттер... Баары күздүн алтын түстүү өңүнө ого бетер көрк кошот.