Бүгүн, 30-октябрда Бишкек шаарынын “Тез жардам” кызматы жаңы 12 санитардык унаа менен толукталды. Аларды алууга Бишкек шаардык бюджетинин эсебинен 15,2 миллион сом бөлүнгөн. Белгилүү болгондой, буга чейин аталган кызматта жалпысынан 36 “Тез жардам” унаасы болгон. Учурда анын саны 48ге жеткени менен, адамдарга тез медициналык жардам көрсөтүү үчүн дагы 30га чукул унаа керек экендиги айтылды.
12 унаанын ачкычтарын тапшыруу аземине катышкан шаар башчысы Кубанычбек Кулматов менен Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев жаңы унаалардын бирин айдап көрүштү.