Кытайда эки балалуу болууга уруксат берилди

Кытайда мындан 36 жыл мурун, 1979-жылы кабыл алынган "бир үй-бүлө - бир бала" саясаты бүттү. Эми аталган өлкөдөгү үй-бүлөлөрдө эки балалуу болууга мүмкүнчүлүк бар. Мындай чечим Кытайдын Коммунисттик партиясынын 29-октябрдагы жыйынында кабыл алынганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

2013-жылы Кытайдын бийлиги ата-энелердин бири үй-бүлөдө жалгыз бала болсо, аларга эки балалуу болууга уруксат берген эле. Ошол эле учурда шаардагы түгөйлөрдүн басымдуу бөлүгү бир эле балалуу боло алышкан. Ал эми айыл жергесинде жашагандардын тун наристеси кыз болсо, аларга эки балалуу болуу мүмкүнчүлүгү берилген.

Бийлик өкүлдөрү "бир бала" саясаты калктын санынын кескин азайып кетишин шарттап жатканын айтып чыгышкан. Калк жана калктын өнүгүү мыйзам ченемдерин изилдөөчүлөр Кытайда улгайган адамдардын саны тез көбөйүп жатканын айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
sterva
2015-10-30 10:37:40
Азайбайт булар,и так коп,куда еще?акырын кобойушуп,дуйно жузун басып алайн деген ойлору бар да.Ванганын да айтканы бар го,тээ канчанчы жылдары "миром будут править китайцы" деп
+3
Azura
2015-10-30 10:48:27
Кытай тилин окугула!
-2
Mars55
2015-10-30 10:54:03
ni hao ta men dou xuexu hanui ma?деп калбасак болду
+2
Rifle
2015-10-30 14:18:54
Mars55,Бизз кыргызча эле суйлоп жатабыз азыр .
+1
Altun76
2015-10-30 11:12:42
Борончу айткандай он жети мин кыргыз кыздарыбыз кытайларга турмушка чыккан болсо,жеендер отуз торт мин болуп жакшы эле аралашып калабыз.
-2
Talgat87
2015-10-30 11:21:25
1млрд 400млн +1млрд ох земля не выдержит
+3
Titi
2015-10-30 11:40:34
Кытайлар дуйнону басат эми
+4
Umar080814
2015-10-30 11:43:25
кытайлар бугун туну ишти баштайт экенда
+5
Maero
2015-10-30 12:34:40
Эми 2чи балдарын расмий оздоруно каттата башташат экен да. Неге азаймак эле: Тайзи Цигундун аркасы менен узак жашап келе жатышпайбы.256 жыл жашаган инсан кытайда гана.
+2
Take_men
2015-10-30 12:36:39
Кытай алса да тийсе да кытай бала туулат. Булардын гени кучтуу.
+2
Abdyrashit.Satylganov
2015-10-30 12:43:39
Алда Кокуй ай, балээ болгон турбайбы... Россия коркуп жатты эле. Ого бетер коркоткго сыягы.. Биздикилер да эртерээк чара көрсө жакшы болмок.. Бул кытай га батпай кошуна өлкөлөргө өтө баштайт эми
+2
bolotbai3
2015-10-30 13:11:38
Эми орточо эсеп менен дагы тогуз айдан кийин 350 млн адамга кобойот экен да.Балее болду эми бизди кытай басып кетбесе эле.Биз да чара корушубуз керек,жок дегенде закондуу кылып ачык эле экиден аял алып, каалаганча балалуу болгула деп.
+3
ROUSE
2015-10-30 17:05:09
bolotbai3, бизде лимит жок. Бир эле аялынар менен 10-15 бала торой бергиле
+1
bolotbai3
2015-10-30 18:04:34
ROUSE, азыркы заманда бир аял менен 10-15 бала торотсон,аялдын пачагы чыгып кетет го.
0
ROUSE
2015-10-31 14:09:36
bolotbai3, кам санаба, чыкпайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан