Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин 29-октябрдагы буйругуна ылайык, калаага 1-ноябрдан тарта жылуулук толугу менен бериле баштайт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Мындай чечим ноябрь айынан тарта аба ырайынын төмөндөшүнө байланыштуу кабыл алынган. Жергиликтүү тургундарга өз үйлөрүнүн жылуулук берүүчү түтүктөрүнөн суу чыгып кетпөөсү үчүн бир катар текшерүүдөн өткөрүп коюу керектиги айтылды.