Бишкекте “Тез жардам” кызматына күнүнө 400гө жакын чакыруу келип түшөт. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаментинин директору Кубанычбек Кулбатыров жаңы 12 санитардык унааны “Тез жардам” кызматына тапшыруу аземинде билдирди. Анын айтымында, чакыруулар көп түшкөнү менен, аларга күнүнө 29-30 гана “Тез жардам” унаасы чыгып турат.
“Тез жардам” кызматы жаңы конуштарды кошкондо радиусу 50 чакырымга жеткен жерлерге барып калышат. Анын үстүнө Бишкекте расмий түрдө 900 миңден ашык адам жашайт делсе, факт боюнча адамдын саны 1 миллион 200 миңден ашат. Мындай эл үчүн бир маалда 70тен аз эмес атайын унаа иштеши керек. Бирок мэриянын бүгүнкүдөй жардамы мындан ары да улана берет деп ишенем. Ал эми биздин шаардыктарга көрсөткөн кызматыбыздын сапаты дагы жакшырат”,- деди департаменттин директору.