Өлкөдөгү айдоо аянттарынын 79,6 пайызы жеке менчикте болуп, айыл чарбасынын 97 пайыздан ашык продукциясы жеке сектордо өндүрүлөт

Өлкөдөгү бардык айдоо аянтынын 79,6 пайызы жеке менчикте болсо, 20,4 пайызы мамлекеттин менчигинде. Ушуга байланыштуу айыл чарбасынын 97 пайыздан ашык продукциясы жеке сектордо өндүрүлүүдө. Мындай маалымат 29-октябрда Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин 9 айды жыйынтыктаган коллегиялык отурумунда айтылды.

9 айдын жыйынтыгын чыгарган бул жыйында 4 маселе каралды. Алардын биринчиси Айыл чарба тармагындагы абал боюнча болду. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев отчёт берди.

Анын билдиришинче, өлкөдөгү дыйкан (фермердик) чарбада айдоонун орточо өлчөмү бардыгы болуп 2,7 гектар, анын ичинде сугат айдоолору 1,9 гектарды түзөт. Баарынан көп айдоо аянттары Чүй облусунун фермерлеринде – 5,7 гектар (сугат 4 гектар), баарынан аз Жалал-Абад облусунда – 1,2 гектар (сугат 0,7 гектар).

Керималиев 2015-жылы талаачылык тармагында айыл чарба өсүмдүктөрдүн себүү түзүмүн ички талаптарга жана дүйнөлүк базарлардын тенденцияларын эске алуу менен түзүүгө жетишкендигин белгиледи. Анын айтымында, өлкөдө Евразиялык экономикалык биримдигине кирген мамлекеттерге эт жана сүт азыктарын экспорттоо максатында тоют өсүмдүктөрүнүн аянты көбөйтүлгөн.

Ошентип, 2015-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча айыл чарба азыктарынын дүң чыгарылышы 155 миллиард 929 миллион 100 миң сомду түзүп, өсүү темпи 2014-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 106,1 пайызга өстү. Анын ичинен талаачылык боюнча 82 миллиард 523 миллион 200 миң сомду түзүп, өсүү темпи 109,4 пайызга жетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан