Бишкектин Туңгуч кичи районунда 150 адамдын келип кетүүсүнө ылайыкташкан Үй-бүлөлүк медицина борбору курулууда. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалым болгондой, ага шаардык бюджеттен саламаттыкты сактоо тармагына бөлүнгөн 1 миллиард 679 миллион сомдун 25 миллион сому бөлүнгөн. Тургузулуп жаткан объект 2016-жылы ишке берилери айтылды.
Мындан тышкары 16,5 миллион сомго 14 медициналык объект капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтөт деп пландалган.
Буга кошумча билдирилгендей, бүгүнкү күндө Бишкекте дарылоо жана оорунун алдын алуу боюнча 46 медициналык мекеме иштейт. Алардын 19у Үй-бүлөлүк медицина борбору, 1 студенттик поликлиника, 5 стоматологиялык поликлиника, 11 оорукана жана 10 адистештирилген уюм. Саламаттыкты сактоо системинде 8 миңден ашык адам кызмат кылат. Бул 140 шаардыкка 1 кызматкер туура келеринен кабар берет.