Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге араба берилди

Социалдык өнүгүү министринин орун басарынын милдетин аткаруучусу Жылдыз Полотова Октябрь райондук администрациясында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге араба берүү иш-чарасына катышты. Бул тууралуу 30-октябрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

"Кыргыз мамлекетинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 168,2 миң адам жашайт. Бүгүнкү күндө биз араба чыгаруу ишин жөнгө сала алдык. 2014-жылдан тартып аларды колдонуу 7 жылдан 5 жылга кыскарды. Министрликтин системинде протездик-ортопедиялык жабдуулар боюнча мекеме иш алып барат. Алар эл аралык тажрыйбага таянып ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн кыймыл-аракеттерди жөнөкөйлөткөн каражаттарды иликтеп, араба чогултуу иштери менен алектенишет",- деди Ж.Полотова

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kunbeken
2015-10-30 15:46:18
Жакшы иш чара болуптур уюуштургандарга жана жардам бергендерге Алла ыраазы болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан