Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Орусияда имараттын 7-кабатынан кулап түшкөн Канайым Абсамат кызына материалдык жардам катары 300 миң сом бөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда президенттик аппараттан билдиришти.
Эскерте кетсек, кыргыз мамлекетинин 20 жаштагы жараны Канайым Абсамат кызы жакында Москвада өзүнө карата зомбулук аракети башталганда балконго качып чыгып, төмөнкү кабатка түшүп жаткан учурда кулап кеткен. Жабырлануучу оор жаракаты менен ооруканага жеткирилген эле.